
Жарыяланган
2026-08-05, 14:59Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов 7-8-майда Түндүк Македониянын борбору Скопьеде өткөн “Өзгөрүү доорундагы лидерлик: демографиялык туруктуулукка карата адамга багытталган мамилелер” аттуу Регионалдык министрлер конференциясына катышты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Региондук министрлер конференциясынын максаты - демографиялык саясат боюнча тажрыйба алмашуу, сапаттуу саясий сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле региондогу демографиялык өзгөрүүлөрдүн шарттарында учурдагы чакырыктарды талдоо болуп саналат. Конференция БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) менен биргеликте Түндүк Македониянын Социалдык саясат, демография жана жаштар министрлигинин колдоосунда уюштурулду.
Досматов өз сөзүндө, Кыргызстан - жаштардын олуттуу потенциалына ээ экендиги жана учурдагы демографиялык терезе өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи. Мамлекеттик саясат үй-бүлөлөрдү колдоого, социалдык коргоону, билим берүүнү өнүктүрүүгө, жаштарды иш менен камсыз кылууга жана активдүү узак жашоого шарттарды түзүүгө багытталган.
Жумуш орундарын түзүүгө, кесиптик жана кош билим берүүнү өнүктүрүүгө, жаштардын ишкердүүлүгүн жана иш менен камсыз кылуунун санариптик формаларын колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
Конференциянын катышуучулары Кыргызстан туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө, жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана адамга багытталган демографиялык саясатты ырааттуу ишке ашырып жаткандыгын баса белгилешкен.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү социалдык коргоо, саламаттык сактоо, эмгек рыногу жана экономикалык өнүгүүгө таасирин тийгизген масштабдуу демографиялык өзгөрүүлөргө туш болуп жаткандыгын белгиленген. Мында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн инвестициялардын эсебинен адам капиталына, билим берүүгө жана калкты иш менен камсыз кылууга демографиялык потенциалды натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү сакталууда.
Конференцияга Европа жана Борбор Азиянын 30дан ашык өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Сербия, Молдова, Япония жана башка мамлекеттерден министрлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышкан.



