
Жарыяланган
2026-08-05, 13:59Монополияга каршы агенттик Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасы бир катар өлкөлөрдүкүнөн арзан экенин билдирди.
Аталган агенттик Кыргызстандагы бензин-дизелдин бааларын ЕАЭБ уюмуна кирген жана коңшу өлкөлөр менен салыштырып, аларга караганда бизде майдын баасы арзаныраак экенин, абал анчалык курч эмес экенин белгилейт. Болгону өзүндө мунай чыгып, иштеткен Казакстан менен Россияда бензин-дизель арзан. Айрым учурда дизель майынын баасы Россия менен Беларустуку менен дээрлик теңме-тең келет.
Бензин жана дизелдин баалары:
АИ-92:
Кыргызстан (Бишкек) — 78,40 сом;
Казакстан — 45,30 сом;
Россия — 75,80 сом;
Беларусь — 79,50 сом;
Армения — 119,60 сом;
Тажикстан — 96,60 сом;
Өзбекстан — 91,30 сом.
АИ-95:
Кыргызстан (Бишкек) — 84,40 сом;
Казакстан — 62,00 сом;
Россия — 80,50 сом;
Беларусь — 82,60 сом;
Армения — 126,50 сом;
Тажикстан — 113,40 сом;
Өзбекстан — 100,70 сом.
Дизель майы:
Кыргызстан (Бишкек) — 90,80 сом;
Казакстан — 63,50 сом;
Россия — 92,20 сом;
Беларусь — 82,60 сом;
Армения — 135,70 сом;
Тажикстан — 113,40 сом;
Өзбекстан — 94,20 сом.
Газ:
Кыргызстан (Бишкек) — 43,40 сом;
Казакстан — 22,00 сом;
Россия — 36,60 сом;
Беларусь — 40,80 сом;
Армения — 52,90 сом;
Тажикстан — 60,40 сом;
Өзбекстан — 44,50 сом.



