Akchabarsearch
    Эми ОСАГО полисин кайгуул кызматынын имаратынан да алууга болот

    Жарыяланган

    2025-27-06, 17:41

    Эми ОСАГО полисин кайгуул кызматынын имаратынан да алууга болот

    ОСАГО полисин Бишкектеги Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын имаратынан да алууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди. 

    Аталган компания белгилегендей, кайгуул кызматынын имаратында ачылган ОСАГО полисин берген пункттан жарандар камсыздандыруу полисин оңой жана тез ала алат.

    "Мындан тышкары, жол кырсыгы болгон учурда биздин кызматкерлер ошол эле жерде колдоо көрсөтүшөт — башка мекемелерге баруунун зарылдыгы жок", - деп айтылат маалыматта. 

    Кайгуул кызматынын имараты Горький көчөсү 20 дарегинде жайгашкан. Полисти алуу үчүн экинчи кабатка чыгып, 204-иш бөлмөгө кайрылуу керек. 


    Тектеш материалды окуу