Жарыяланган
2025-27-06, 16:01Каныбек Адиев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Каныбек Адиев Ысык-Көлдүн Түп районунун акими болуп турган. Анын ордуна Тимур Мадяров аким болду.