Akchabarsearch
    Баткенде аскер кызматкери кармалды

    Жарыяланган

    2025-27-06, 16:36

    Баткенде аскер кызматкери кармалды

    Баткенде Эски-Оочу айылында "Максат" чек ара тозотунун аскер кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

    Маалыматка ылайык, "Максат" чек ара тозотунун 2021 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери М.А. 24-июнда 30 миң сом алып жатканда колгон түшүрүлгөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча (Пара алуу) кылмыш иши козголгон.

    Ал аткезчилик жүктөрдү аныктоо үчүн түзүлгөн пункттар аркылуу Тажикстанга жүктөрдү өткөрүп жүргөнү тууралуу маалыматтар алынган.

    Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


    Тектеш материалды окуу