
Жарыяланган
2026-11-02, 18:00Былтыр 20-августта мал-жандыкты экспорттоого киргизилген тыюу салуунун мөөнөтү аяктап жаткандыктан Айыл чарба министрлиги аталган тыюу салууну дагы алты айга узартууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Министрликтин сунушуна ылайык, бодо малды, кой-эчкини жана жылкыны чет жакка экспортко чыгарууга тыюу салынат.
Мындай демилге эттин баасынын кымбатташына жол бербеш үчүн көтөрүлүүдө.
Бул тыюу салуу Кыргызстан аркылуу ташылып өткөн мал-жандыкка, мелдешке катыша турган спорт жылкыларына, бир өлкөгө (адамга, эл аралык уюмга) белекке берилип жаткан же өлкөдөн учак аркылуу чыгарылып жаткан жылкыга тиешелүү болбойт.
Ошондой эле Айыл чарба министрлигинин “Кыргыз Агрохолдинг” компаниясына мал-жандык экспорттоого бөгөт болбойт.


