
Жарыяланган
2025-23-09, 15:16Бүгүн, 23-сентябрда Бишкекте “Кыргыз Агрохолдинг” ААК катышкан кыргыз-корейдик “ДОД Компани КК” ЖЧКсы «ТОРО» ЖЧКсы менен кызматташтык келишимине кол койду.
Келишимге ылайык, термикалык иштетилген этти өндүрүү, сатып алуу жана Корея Республикасына экспорттоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүк каралган.
“ТОРО” ЖЧКсы – сапаттуу эт продукциясын жеткирүүнү жана эл аралык стандарттардын (HACCP, ISO22000 ж.б.) сакталышын камсыздайт.
“ДОД Компани КК” ЖЧКсы – экспорттук операцияларды, документтерди даярдоону жана корей импорттоочулары менен өз ара аракеттенүүнү жүргүзөт.
“Кыргыз Агрохолдинг” ААК – өз компетенциясынын алкагында колдоо көрсөтөт: ветеринардык жана уруксат берүүчү документтерди алууга, ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташууга көмөктөшөт.


