
Жарыяланган
2026-11-06, 13:05Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган кыргыз жарандары Кыргызстанга кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу соцфонд билдирди.
Бүгүнкү күнгө карата Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 147 жаран кайрылган.
Анын ичинен 126 жаранга төлөм дайындалып, толугу менен төлөндү, 21 жаран учурда чечимди күтүүдө.
Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 миң 789 долларды түздү.



