Akchabarsearch
ТИМ Кореяда мыйзамсыз жүргөн жарандарды ыктыярдуу чыгып кетүүгө чакырды

Жарыяланган

2025-05-12, 10:35

ТИМ Кореяда мыйзамсыз жүргөн жарандарды ыктыярдуу чыгып кетүүгө чакырды

Кореядагы мыйзамсыз мигранттар үчүн ыктыярдуу чыгып кетүү программасы ишке кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, программа 1-декабрдан 2026-жылдын 28-февралына чейин иш алып барат.

Аталган программаны пайдаланган чет өлкөлүк жарандар үчүн төмөнкүдөй жеңилдиктер каралган:

• көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкөдөн ыктыярдуу түрдө чыгып кеткен учурда айып пул санкциялары колдонулбайт;

• мажбурлап чыгарууга тиешелүү болгон учурда колдонулуучу кайра кирүүгө тыюу чаралары колдонулбайт;

• программа 1-декабрга чейин жүрүм-турум тартиби бузгандарга тиешелүү болуп саналат.

Ошол эле убакта, бул чаралар кылмыштуу аракеттерди кылган же мыйзам боюнча мажбурлап чыгарууга тийиш болгондорго жайылтылбайт.

Министрлик Кореяда мыйзамсыз жүргөн жарандарды айып санкцияларынан жана башка укуктук терс кесепеттерден сактануу максатында жогоруда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырат.


Тектеш материалды окуу