Akchabarsearch
Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар

Жарыяланган

2026-25-05, 09:36

Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар

Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев менен Венгриянын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Саболч Пастордун жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоону, ал эми Венгриядан асыл тукум мал алып келүүгө кызыкдар экени айтылды.

Венгрия тарап Европа Биримдигине эт экспорттоо үчүн алгач атайын реестрге катталуу керектигин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан буга чейин табигый балды Европа рыногуна чыгарууда ийгиликтүү тажрыйба топтогону белгиленип, бул башка продукцияларды экспорттоого да мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.

Мындан тышкары, Венгрия кыргыз продукциясын Европа рыногуна чыгарууда консультациялык жана практикалык жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле учурда Венгриядан Кыргызстанга асыл тукум мал алып келүүгө эч кандай чектөө жок экени белгиленди.

 


Тектеш материалды окуу