Akchabarsearch
Ишкердикти өнүктүрүү фонду 206,8 млн сомго акцияларды жайгаштырды

Жарыяланган

2024-26-11, 11:16

Ишкердикти өнүктүрүү фонду 206,8 млн сомго акцияларды жайгаштырды

2024-жылдын 21-ноябрында БТС биржасында “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААК акцияларын жайгаштыруу ийгиликтүү аяктады.

Компания ар бири 100 сомдон 2 миллион 68,2 миң жөнөкөй акцияны жайгаштырган. Бүтүмдүн жалпы көлөмү 206 миллион 820 миң 600 сомду түздү.

Бүгүнкү күндө ишкана Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик 100% акцияга ээлик кылган жападан жалгыз микрокредиттик компания болуп саналат.


Тектеш материалды окуу