Жарыяланган
2024-16-10, 09:59Иш сапарында Исламабад шаарына (Пакистан Ислам Республикасынын) барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари менен жолукту. Жолугушууда Акылбек Жапаров Пакистан Кыргызстан үчүн тышкы саясатта өзгөчө маанилүү орун ээлей турганын баса белгиледи. "Биз сиздердин өлкө менен соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө абдан кызыктарбыз", - деп билдирди ал. Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы жана Пакистан Ислам Республикасы БУУ, Шанхай Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Экономикалык Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташып жаткандыгын да баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышты.



