Akchabarsearch
"Google’га салык": Бюджетке дээрлик 1.8 млрд сом түштү

Жарыяланган

2026-27-11, 10:46

"Google’га салык": Бюджетке дээрлик 1.8 млрд сом түштү

2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялар өлкө бюджетине дээрлик 1.8 млрд сом кошумча нарк салыгын же "Google’га салык" төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

Былтыр 10 айда аталган салыктан бюджетке 1.3 млрд сомго жакын акча түшкөн.

Эскерте кетсек, "Google’га салык" Кыргызстанда 2022-жылы киргизилген. 
 


Тектеш материалды окуу