Akchabarsearch
    Бишкекте курулуп жаткан имараттын 15 батири мамлекетке өттү

    Жарыяланган

    2025-08-01, 16:33

    Бишкекте курулуп жаткан имараттын 15 батири мамлекетке өттү

    Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

    Атайын кызматтан белгилешкендей, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталып, учурда ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак жай курулуп жатат.

    "Мындан улам, курулуш компаниясы курулуп жаткан имараттан жалпы аянты 897 чарчы метр (баасы 89 млн 367 миң сом) 15 батирди мамлекетке өткөрүп берди, аталган үйлөрдүн курулушун аяктоо 2027-жылдын 1-жарым жылдыгына пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.


    Тектеш материалды окуу