Жарыяланган
2025-03-07, 16:22Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөдөгү өлкөлөргө 2035-жылга чейин чылым, ичимдик продукцияларынын жана кумшекер кошулган суусундуктардын бааларын 50%га кымбаттатууну сунуштоодо.
Жугушутуу эмес оорулар, анын ичинде жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, диабет сыяктуу оорулар көбөйүп жатканын билдирген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алар көбүнесе тамеки, ичимдик жана кумшекер кошулган суусундуктарды ичкенден улам пайда болорун белгилейт. Аталган продукциялардын баасын 50%га көбөйтүү менен алдыдагы 50 жылда 50 млн адамды эрте өлүмдөн сактап калууга болот.
2012-2022-жылдары дүйнөдө 140 мамлекет чылым аттуу өнүмгө салыкты көбөйтүп, жыйынтыгында алардын баарлары 50%дан ашык кымбаттаган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ичимдик, тамеки жана кумшекер кошулган суусундуктардын баасы кымбаттаса, аны ичкендер азая түшөт деген пикирде. Ошондой эле бюджетке салык көбүрөөк түшүп, аны саламаттык сактоо тармагына жумшоого болот.