Akchabarsearch
    Жыл башынан бери 31.2 миң адам пенсияга чыкты

    Жарыяланган

    2025-03-07, 15:46

    Жыл башынан бери 31.2 миң адам пенсияга чыкты

    Быйыл жарым жылда өлкөдө 31 миң 255 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди. 

    Маалыматка ылайык, июнь айында өлкөдө 3 миң 379 киши пенсияга чыккан. 

    Ошондой эле, июнда, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтерди тапшырган 1 мин 283 пенсионердин пенсиясы кайра эсептеп берилген. 

    Эскерте кетсек, жыл башына карата өлкөдө пенсионерлердин саны 797,4 миңди түзгөн.


    Тектеш материалды окуу