
Жарыяланган
2025-15-12, 17:07Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Кызматтан алуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматта Орозов мамлекеттик кызматкерлердин этикасын бузганы үчүн кызматтан алынганы айтылат.
Эскертке кетсек, быйыл май айында президент Билим берүү жана илим министрлигинин жана Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки министрликти түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Алардын бири – Агартуу министрлиги бала бакча, лицей жана коллежддерди караса, экинчиси – Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жай, илим, инновация жана интеллектуалдык менчик багытын карай турган болгон.
2023-жылдын сентябрь айынан бери билим берүү министри болуп келе жаткан Догдургүл Кендирбаева агартуу министри, ал эми Бактияр Орозов илим министри болуп дайындалган.



