Akchabarsearch
Оштогу борбордук стадион жаңыланып, пайдаланууга берилди

Жарыяланган

2025-15-12, 16:45

Оштогу борбордук стадион жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ош шаарынын А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиону оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Маалым болгондой, стадиондо ФИФАнын талаптарына жооп берген гибриддик футбол талаасы курулуп, чуркоочу аянтчага заманбап желим каптама төшөлдү. 

Стадиондун ачылыш аземине мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, спортчулар жана шаар тургундары катышты.

Жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. 

Иш-чаранын алкагында балдар жана кыздар арасында чуркоо боюнча спорттук мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.


Тектеш материалды окуу