Akchabarsearch
Иманакун уулу: “Реновацияда тургундарды көчүргөндөн кийин эски үйлөр бузулат”

Жарыяланган

2025-25-11, 12:05

Иманакун уулу: “Реновацияда тургундарды көчүргөндөн кийин эски үйлөр бузулат”

Реновацияда тургундарды көчүргөндөн кийин эски үйлөр бузулат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

"Жылдын башында министр реновация маселесин көтөргөн. Себеби жерлер азайып баштады. Биздин борбордук жерлерде 1940-жылы салынган үйлөрдүн пайдубалдары жерге чөгүп жатат. Сейсмологиялык туруктуулукка жооп бербей калышы мүмкүн. Ошонун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте иштеп жатабыз. Бизде жашоочуларыбыз дүрбөлөң болуп кетишти. Үйдүн жанына эле бош участокторду салып туруп, андагы жашоочуларды көчүрүп, андан кийин эски үйлөрдү бузабыз. Реновациянын системасы ушундай,” — деди ал.


Тектеш материалды окуу