Akchabarsearch
IMEI-коддорду онлайн каттоо сервиси тааныштырылды: ишкерлер жаӊычылдыкты баалашты
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-05-09, 09:00

IMEI-коддорду онлайн каттоо сервиси тааныштырылды: ишкерлер жаӊычылдыкты баалашты

Бишкекте уюлдук телефондорду импорттоочулар менен мамлекеттик органдардын — УКМК, Салык жана Бажы кызматтарынын, ошондой эле «Кыргыз мобилдик каттоо борборунун» (КМКБ) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Башкы тема – IMEI-коддорду каттоо боюнча жаӊы сервистин бет ачары жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо болду.

Иш-чара жандуу жана конструктивдүү атмосферада өттү: импорттоочулар көптөгөн суроолоруна жоопторду алып, система менен иштөө тажрыйбалары менен бөлүштү. Катышуучулардын айтымында, өлкөдө телефондорду каттоо процесси эми жаңы деңгээлге чыкты.

«Мурда каттоо өтө көп убакытты талап кылып, бюрократия менен коштолчу, азыр болсо баары тез, ыңгайлуу жана ачык-айкын болуп калды. Бул чындап эле биздин ишкердикти жеңилдетип, мамлекет импорттоочулардын үнүн угарын көрсөтүүдө», — деди компаниялардын биринин өкүлү.

Юридикалык жактар ​​үчүн KМКБ сервиси чоӊ жардамчы болуп калды:

• каттоо онлайн жүргүзүлөт,

• процедуралар жөнөкөй жана түшүнүктүү,

• ар бир операция корголгон жана эл аралык стандарттарга толук жооп берет,

• убакыт жана каржылык чыгымдар кыскартылды.

Эксперттер, санариптик каттоо керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоп гана тим болбостон, Кыргызстанда технологиянын мыйзамдуу рыногун калыптандырууга жардам берет, деп ишенишет. Ар бир катталган телефон – өлкөнүн коопсуздугуна, мыйзамдуулугуна жана технологиялык өнүгүүсүнө кошкон салым.

Ошондой эле, консультацияларды +996 (997) 997 997 телефону боюнча Байланыш борборунан, ушул эле номер боюнча WhatsApp аркылуу же М. Фрунзе көч. 393 А дарегинде алууга болот. Колдоо кызматы, ошондой эе, MEGAнын бардык тейлөө кеңселеринде жеткиликтүү.


Тектеш материалды окуу