Akchabarsearch
Ири өлчөмдө алдамчылыкка айыпталган жаран Баку шаарынан табылды

Жарыяланган

2026-03-03, 18:06

Ири өлчөмдө алдамчылыкка айыпталган жаран Баку шаарынан табылды

Ири өлчөмдө алдамчылык кылууга айыпталган Т.Д аттуу жаран Баку шаарынан табылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эки жабырлануучунун ишенимине кыянаттык менен пайдаланып, 46 млн сомдон ашык акчасын мыйзамсыз ээлеп, Кыргызстандан аймагынан чыгып кеткен.

Башкы прокуратуранын Азербайжан менен биргелешкен аракетинин жыйынтыгында Т.Д Баку шаарынан экстрадацияланып, Кыргызстандын ички иштер кызматкерлеринин коштоосу менен тергөө изоляторуна киргизилди.
 


Тектеш материалды окуу