Akchabarsearch
Кара-Сууда жаран элге насыя алдырып, алдап жүргөн

Жарыяланган

2025-09-09, 12:49

Кара-Сууда жаран элге насыя алдырып, алдап жүргөн

2025-жылдын июль айынын аягында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 11 жаран кайрылып, насыя алдоо боюнча чара көрүүнү суранышкан.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, Кара-Суу шаарынын тургуну Х.Т. 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын июнуна чейин сактык кассанын кредит бөлүмү аркылуу жабырлануучуларга 250 миңден 500 миң сомго чейин насыя алдырып, акчанын көп бөлүгүн өзү алган. Ай сайын төлөп берүүнү убадалаганы менен, төлөбөй койгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, бул ишке шектүү катары Х.Т. жана кассанын мурдагы кызматкери Б.Г. кармалды. Экөө жалпы 4 млн сомдон ашык насыя алып, анын көбүн өз кызыкчылыгына пайдаланышканы аныкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголуп, экөөнө башка жакка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

 


Тектеш материалды окуу