Akchabarsearch
ЦУМдагы «Мостовой» дүкөнүндө жасалмаланган iPhone’дор сатылганы аныкталды

Жарыяланган

2025-27-08, 10:28

ЦУМдагы «Мостовой» дүкөнүндө жасалмаланган iPhone’дор сатылганы аныкталды

ЦУМдагы «Мостовой» дүкөндөрүндө жасалмаланган iPhone’дор сатылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Айчүрөк» соода борборунун имаратында иштеген «Мостовой» соода түйүндөрүнүн кызматкерлери телефон оңдоочу адистердин жардамы менен сыйымдуулугу 256ГБ болгон жаңы телефондорду ачып, тиешелүү микросхемаларын которуп, мобилдик аппараттардын сыйымдуулугун жасалма ыкмалар аркылуу 1ТБга көбөйтүшкөн.

Андан соң, телефондор жергиликтүү шаардык басмаканаларда жасалган фабрикалык чыптамалар менен оролуп, жаңы телефондой көрүнүшкө ээ болгон.

Ал айфондор «Мостовой» дүкөндөр тармагында, ЦУМ «Айчүрөк» жана «ГУМ» соода борборлорунда жайгашкан башка дүкөндөрдө жогорулатылган баада сатылган.

УКМК жарандарды iUnlocker сайты аркылуу сатып алган iPhone’дорун текшерүүгө чакырат.

Эгер шайкеш келбестиктер аныкталса, 0 (995) 300 871 номерине кайрылуу сунушталат.
 


Тектеш материалды окуу