Akchabarsearch
Ишканалар менен уюмдардын кызматкерлеринин орточо айлык акысы 42 миң сомдон ашты

Жарыяланган

2025-29-09, 15:17

Ишканалар менен уюмдардын кызматкерлеринин орточо айлык акысы 42 миң сомдон ашты

Быйыл январь-июль айларында ишканалар менен уюмдардын (чакан ишканалардан тышкары) кызматкерлеринин орточо номиналдык айлык акысы 42 миң 522 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20.4%га жогорулаган. Ал эми инфляцияны (керектөө бааларынын индексин) эске алганда, реалдуу өсүш 12%ды түздү.

Ошондой эле, Улуттук банк аныктаган расмий валюта курсунун негизинде, 2025-жылдын январь-июнь айларында орточо айлык акы 487.1 долларын түзгөн.
 


Тектеш материалды окуу