
Жарыяланган
2025-03-11, 15:54Быйыл январь-август айларында ишканалардын жана уюмдардын (чакан ишканаларды эсептебегенде) кызматкерлеринин орточо айлык акысы 42 миң 648 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19.6%га көп. Ал эми анын керектөө бааларын (азык-түлүк) эске алганда, реалдуу айлык акы 10.9%га өстү.
Улуттук банктын маалыматына караганда, валюта курсунун негизинде эсептегенде, быйыл январь-августта бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 488.4 долларды түздү.



