Akchabarsearch
Ишкер: Кабат үйлөрдүн алдындагы күркөлөрдү бузууну 5 жылга токтото турсак

Жарыяланган

2026-12-10, 18:38

Ишкер: Кабат үйлөрдүн алдындагы күркөлөрдү бузууну 5 жылга токтото турсак

Бишкектеги көп кабат үйлөрдүн алдындагы күркөлөрдү бузууну 5 жылга токтото турсак. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү" аттуу парламенттик угууда ишкер Медетбек Сүйүнбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин курулуш министри көп кабат үйлөрдүн алдына соода күркөлөрдү орнотууга тыюу салган чечим чыгаргандан кийин аталган күркөлөр четинен бузулуп алынууда.

"Бул маселеде биз шашып жаткандайбыз. Көп кабат үйлөр жактагы бир канча күркө бузулуп алынууда. Биринчиден канча киши жумушсуз калып жатат. Экинчиден канча салык түшпөй калып жатат", - дейт ишкер.

Ал кабат үйлөрдөгү күркөлөрдү бузуу иштерин кеминде 5 жылга токтотуп турууну сунуштады. 


Тектеш материалды окуу