Akchabarsearch
Министр: Алма, картошканы сактап туруп сатканга азыр кампа жок. Келерки жылы 100 кампа салабыз

Жарыяланган

2026-12-10, 17:50

Министр: Алма, картошканы сактап туруп сатканга азыр кампа жок. Келерки жылы 100 кампа салабыз

Жогорку Кеңештин комитетинин 12-октябрдагы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков картошка менен алманын баасы 15 сомго түшүп кетип, дыйкандардын мээнети акталбай жатканы боюнча маселе көтөрдү.

Ал айыл чарба министри Эрлист Акунбековго кайрылып, бул маселеги көңүл бурууга чакырды.

Министрдин айтымында, бышыкчылык кезде алма болобу, картошка болобу, баасы арзан болот. Муну дыйкандар билишет. Жыйналган түшүмдү арзан сатпаш үчүн аларды кампаларда сактап, андан кийин 2-3 айдан кийин сатуу керек. Бирок азыр андай кампалар жок.  Түшүмдү сатуу маселесин чечүү үчүн мамлекет дыйкандарга кампаларды салганга  акча бөлүп бериши зарыл же болбосо кайра иштетүү ишканаларын ачуу кажет.

Министр Акунбеков азыр өкмөт картошка, алма, кумшекер жана бир нече азыктын импортуна тыюу салуу тууралуу токтом чыгарганы жатканын билдирди. Ошондой эле министрлик кампаларды куруу, кайра иштетүүнү жолго коюу боюнча программаны ишке ашырганы жатышканын, ал жүзөгө ашса, абал жакшырып каларын айтты.

Эрлист Акунбеков келерки жылы 100 кампа курула турганын билдирди.

Депутат Чойбеков коңшу өлкөлөр өз дыйкандарын коргоо үчүн буга чейин эле импортко тыюу салып койгонун айтып, Кыргызстан ал чечимди кабыл алууда кечигип жатканын билдирди. 

Аны менен бирге кампа куруу, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу ишин тездетүү керектигин белгиледи. 


Тектеш материалды окуу