Akchabarsearch
Министр: Таластагы завод кызыл төө буурчакты 100 сомдон, ак төө буурчакты 137 сомдон алат

Жарыяланган

2026-12-10, 16:33

Министр: Таластагы завод кызыл төө буурчакты 100 сомдон, ак төө буурчакты 137 сомдон алат

Таластагы жаңы ачылган завод кызыл төө буурчакты 100 сомдон, ак төө буурчакты 137 сомдон алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, азыр томатный деген кызыл төө буурчактын баасы 52-53 сомго чейин түшүп кетти. Буга чейин анын баасы анчалык түшкөн эмес.

"Бирок базар өзү тууралайт да. Базарда суроо-талап көп болсо, баасы көтөрүлмөк", - деди ал.

Сөзүн улай Акунбеков жакында Таласта мамлекеттин колдоосу менен жаңы завод ачылганын эске салды.

"Орусча айтканда ал заводдо "оборотный капитал" жетишпей жатыптыр. Аны чечип берсек, завод менен түзүлгөн келишимге ылайык, кызыл төө буурчакты (томатный) 100 сомдон,  ак төө буурчакты (лопатка) 137 сомдон алат. Азыр ал акчаны 7-10 күндө чечип беребиз деп ойлоп жатам", - деди ал.

Акунбеков заводго акчаны таап берип, ал кызыл төө буурчакты 100 сомдон ала баштаса, маселе дароо чечилет. 


Тектеш материалды окуу