
Жарыяланган
2025-03-11, 17:13Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Кочкор айылындагы мектепке 150 орундуу жаңы корпус курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Жаңы эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен кошо салынууда. Долбоордун баасы 79 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Курулуш иштери 2024-жылы башталган жана учурда анын 75%ы бүткөрүлдү.



