Akchabarsearch
“Ысык-Көл” пансионатына тиешелүү 273 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-28-04, 10:46

“Ысык-Көл” пансионатына тиешелүү 273 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Ысык-Көл” пансионатына тиешелүү 1.9 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда аталган жер 2004-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 273 млн 149 миң сомду түзгөн жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке өткөрүлдү.


Тектеш материалды окуу