
Жарыяланган
2026-08-04, 14:15Жер мыйзамдарынын бузулушун текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 3.6 млрд сом кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, прокуратура органдары жер мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө алкагында бир катар мыйзам бузууларды аныктап, аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзгөн.
Жыйынтыгында 3 миң 277 мыйзам бузуу аныкталып, 103 кылмыш иши козголду. Көрүлгөн чаралардын негизинде келтирилген зыян өндүрүлүп, мыйзамсыз берилген жер тилкелери кайрадан мамлекеттин карамагына кайтарылды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууга жол берген 143 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 13үнө айып пул салынды.



