
Жарыяланган
2026-31-03, 18:00Чүй облусунун Орто-Сай айылында жайгашкан баасы 663 млн 862 миң сомду түзгөн жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Жер тилкенин жалпы аянты 0.75 гектарды түзөт.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жер тилкени мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкени аныкталган.



