Akchabarsearch
Молдо-Нияз аймагындагы  0.86 га жер мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-11-02, 12:03

Молдо-Нияз аймагындагы 0.86 га жер мамлекетке кайтарылды

Баткен облусунун Молдо-Нияз аймагындагы айыл чарба имараты жана ага тиешелүү кошумча курулуштар жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Бул жер тилкесинин жалпы аянты 0.86 гектарды түзөт. Анда дан, мөмө-жемиштерди кургатуу жана сактоо үчүн кампалар курулган.

2000-жылдары аталган объект мыйзам талаптарына каршы түрдө, тиешелүү документтерсиз жеке тарапка өткөрүлүп кеткен.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мыйзам бузуулар жоюлуп, 0.86 гектар жер тилкеси имараттары менен кошо толугу менен мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

 


Тектеш материалды окуу