
Жарыяланган
2026-13-03, 17:03Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги жана аталган айыл чарба багытындагы жер тилкесине мыйзамсыз курулуш курулгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн натыйжасында, райондун прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде баасы 34 млн 56 миң 846 сомду түзгөн жер тилке имараты менен бирге мамлекетке кайтарылды.



