
Жарыяланган
2026-18-03, 15:42Москва районунун прокуратурасы жетим балдардын турак жай жана жер тилкесине болгон укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын жыйынтыгында Төрт-Гүл айыл аймагындагы Петровка айылында жашаган үч тоголок жетим баланын укуктары бузулуп, аларга жер тилкеси кезексиз берилбей келгендиги аныкталды.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ар бир балага турак жай куруу үчүн 11 сотых жер тилкеси бөлүнүп, жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылды.



