Akchabarsearch
Жайыл районунда тоголок жетим балдар жер тилкелери менен камсыздалды

Жарыяланган

2026-27-03, 12:26

Жайыл районунда тоголок жетим балдар жер тилкелери менен камсыздалды

Жайыл районунун прокуратурасы тоголок жетим балдардын турак жай жана жер тилкелерине болгон укуктарын коргоо максатында Ак-Башат айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын жыйынтыгында ата-энесинен ажыраган 9 балага жер тилкелери бөлүнүп, турак жай куруу үчүн жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылды.

Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренеси жана Турак жай кодексинин 43-беренеси боюнча жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте, пайдалануу укугунда турак жай алуу кепилдигине ээ болушат.


Тектеш материалды окуу