
Жарыяланган
2026-09-03, 15:37Нарын облусунун Жумгал районунда токой чарбасына тиешелүү жерлерди мыйзамсыз ижарага берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Жумгал районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Жумгал токой чарбасынын айрым жооптуу кызматкерлери 2019–2024-жылдары кызматтык абалынан пайдаланып, жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берип келишкени аныкталган.
Алар аталган токой чарбанын карамагындагы жер тилкелерге конкурсту жасалмалоо жол менен конкурс өткөрүлгөндүгү жөнүндө протоколдорду түзүшүп, 49 жаранга жалпы 104.19 га жерди 49 жылдык мөөнөт менен ижарага беришкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



