Akchabarsearch
Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-23-01, 18:07

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 196.83 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери мыйзамсыз жеке менчикке берилгени аныкталды. Бул тууралуу Прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар 2007–2008-жылдары Улахол, Ак-Терек, Б. Мамбетов жана мурдагы Тоң, азыркы Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрү тарабынан жасалган. Бул факт Тоң райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болду.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 112 млн сомду түзгөн жер тилкелери толугу менен мамлекетке кайтарылды.


Тектеш материалды окуу