
Жарыяланган
2026-27-04, 16:34Ош облусунун Өзгөн районунда 1.94 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө райондук “Кадастр” мекемесинин айрым кызматкерлеринин мыйзам бузууга катыштыгы бар экени белгилүү болду.
Такталгандай, бир катар жарандарга жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген.
Учурда иш боюнча бардык жагдайлар такталууда. Ошондой эле бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.



