
Жарыяланган
2026-27-01, 14:22Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл РИИБинин айрым кызматкерлери тарабынан М.К. аттуу кармалган жаранга карата опузалап талап кылуу жана кыйноо фактысы аныкталган.
“Убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы, милициянын майору Т.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, убактылуу кармоочу жайда ыңгайлуу шарттарды убада кылып, М.К.дан акча талап кылган.
Аталган жаран опузаланган акчаны төлөөдөн баш тарткандан кийин, Т.К. жана башка ИИБ кызматкерлери ага карата физикалык кол салуу жасашкан. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин, Т.К. ички иштер органындагы кызматынан өз ыктыяры менен кеткен”, - деп жазылат маалыматта.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, Т.К. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөөнүн алкагында Ысык-Көл райондук ИИБнын башка кызмат адамдарынын М.К.дан опузалап акча талап кылуу жана кыйноо фактысына тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.



