
Жарыяланган
2026-22-01, 16:14Бишкек мэриясынын кызматкери 1 миллион сом пара талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын кызматкерин 1 миллион сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады.
Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөрүлгөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик баанын 10%ын системалуу түрдө опузалап алгандыгы аныкталды.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, ишкананын кызматкери А.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.



