
Жарыяланган
2025-25-12, 10:13Коммерциялык жайды рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору кармалып, негиздөөчүсүнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Альянс Курулуш Плюс» ЖЧКсына таандык, Бишкектин 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн үлүшчүлөрү УКМКга кайрылган. Анда турак жайдын курулушуна активдүү тоскоолдук жасап, имараттагы коммерциялык мүлктү рейдерлик жол менен басып алган аталган компаниянын ээси жана ага тиешелүү тараптарга карата чара көрүүнү суранышкан.
“2016-жылы «МБЭ Групп» компаниясынын ээси М.Б. менен «Альянс Курулуш Плюс» ЖЧКнын өкүлү, Казакстандын жараны А.М. ортосунда Бишкек шаарынын 3-кичи районунда социалдык жана маданий объектилери бар турак жай куруу боюнча келишим түзүлгөн.
Бирок, 2018-жылы өз ара пикир келишпестиктердин келип чыгуусунан улам, М.Б. маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу, курулуш компаниясынын жетекчилигинен коркутуу жолу менен аталган объектидеги коммерциялык жайды тартып алып, өзүнүн жакын тууганына каттаткан”, - деп жазылат маалыматта.
23-декабрда аталган факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору Ш.Б. кармалды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, компаниянын негиздөөчүсү М.Б.ге карата издөө жарыяланды.
Кылмыш иши боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.



