Akchabarsearch
Ысык-Көл: Сары-Булуң айылында 117 млн сомго мектеп салынууда
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-30-10, 18:27

Ысык-Көл: Сары-Булуң айылында 117 млн сомго мектеп салынууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Маалыматка ылайык, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган.  Объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт.

Архитектуралык долбоорго ылайык, мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метрди түзөт.

Учурда курулуш аянтчасында имараттын пайдубалын тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.


Тектеш материалды окуу