Akchabarsearch
    Ысык-Көлдө 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды

    Жарыяланган

    2025-22-07, 10:26

    Ысык-Көлдө 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды

    Ысык-Көлдө 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

    Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Ысык-Көлдөгү окуу жайларда студенттердин окууга келгени, билимдин сапаты текшерилип, айрымдары окуу жайдын талаптарына баш ийбегени аныкталган. Натыйжада 941 студент окуудан чыгарылган:

    1. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – 779 студент;

    2. Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультети – 114 студент;

    3. И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжи - 48 студент.


    Тектеш материалды окуу