Жарыяланган
2025-24-07, 17:15Кыргызстанда акыркы эки ай ичинде 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, соңку эки айда алар Бишкек жана Ош шаарларында 117ден ашык медициналык клиниканы текшерген. Алардын ичинен 37си (31.6%) лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган. Калган 80 клиниканын (68.4%) лицензиясы болгону менен алардын көбүндө лицензиялык талаптарды бузган фактылар болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузгандарга жалпы 4.5 млн сомдон ашык айып салынган.
Одоно мыйзан бузган 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулган. Лицензиясы жок мыйзамсыз иштеген 37 клиника боюнча материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Эң көп кездешкен мыйзам бузуулар:
Министрлик лицензиясы жок клиникаларга кайрылуу жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө чоң коркунуя жаратарын экенин билдирди. Тиешелүү билими жок адамдарга кайрылып, туура эмес ийне сайдырып алган, оору жуктуруп алган, процедурадан кийин оорусу өтүшүп кеткен жарандар бар экенин эскертти.
Ошондуктан министрлик лицензиясы бар гана клиникаларга кайрылууга чакырат. Алардын тизмесин Саламаттык сактоо министрлигинин сайтындагы «Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо» бөлүмүнөн алууга болот.