Akchabarsearch
    Мирлан Таалайбеков кайгуул кызматынан кетти. Эми ал Бишкек мэриясында иштейт

    Жарыяланган

    2025-25-07, 21:25

    Мирлан Таалайбеков кайгуул кызматынан кетти. Эми ал Бишкек мэриясында иштейт

    Мирлан Таалайбеков Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койгон.

    Белгилүү болгондой, Мирлан Таалайбеков буга чейин Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат кызматынын инспектору болуп иштеп келген. Ал эл арасында Царикаев деген лакап ат менен таанымал. 

    Калаа бийлиги Таалайбековдун кесиптик тажрыйбасы жана билими Муниципалдык инспекциясынын ишин натыйжалуу кылууга өбөлгө болот деп ишенет. 


    Тектеш материалды окуу