Жарыяланган
2025-26-04, 16:09Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, Жунушалиев «Бишкекжашылчарба» жана «Тазалык» ишканаларына барып, шаарда тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын техниканын жана кызматкерлердин даярдыгын текшерген.
Ошондой эле ал "Тазалык" ишканасына 32 даана атайын техниканы тапшыруу иш-чарасына катышкан.
«Кызматкерлерди өз убагында атайын сезондук кийимдер менен камсыз кылуу жана аларга ылайыктуу эмгек шарттарын түзүү маанилүү», - деген мэр.
Жунушалиев «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын жана Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин кызматкерлеринин аткарган жумушунун көлөмүн жана жоопкерчилигин эске алып эмгек акыларын 20%га көтөрүүнү тапшырган.