Жарыяланган
2025-24-07, 17:52Кыргызстанда 2025-жылдын экинчи чейрегинде орточо жашоо минимуму 8 миң 770 сомду түздү. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.
Аталган сумманын 65%ы тамак-ашка, 16%ы башка товарларга, 17% кызмат көрсөтүүлөргө жана 2%ы салыкка кетет деп эсептелген.
Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу жашоо минимуму 7.7%га өскөн. Анда ал 8 миң 144.34 сом болгон.