Жарыяланган
2025-28-07, 17:58Ысык-Көлдө абаны булгаган асфальт-бетон заводуна айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бает айылындагы "АК-Жол" асфальт-бетон заводун текшерип барып, анын жыйынтыгы менен ишканага 4 пункттан турган эскертме берилген.
Заводго Укук бузуулар кодексинин 230-беренесине ылайык (атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгуу эрежелерин бузуу) 28 миң сом айып пул салынган. Ошондой эле завод өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.