Жарыяланган
2025-06-05, 10:06Ысык-Көлдө браконьерликке каршы иштер жүрүүдө. Бул тууалуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган, браконьерлер тарабынан салынган узундугу 1500 чарчы метрди түзгөн 15 синтетикалык тор алынып, жок кылынган. Рейд Григорьевка айылынан башталып Ананьево аймагына чейин уланган.
"Бул рейддин негизги максаты – Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана балык чарбасын коргоо, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.